Арзыбаева Жаркынай Жанышалиевна

орус тили жана орус адабияты мугалими

Арзыбаева Жаркынай Жанышалиевна 1983-жылы 26-августа Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон районунун Сейитказы айылында туулган. 1990-жылы Ошол эле айылдагы Б. Алыкулов атындагы орто мектебинин 1-классына кабыл алынып, 2000-жылы аяктаган. ЖАМУнин Филология Факультенинин орус тили жана адабияты боюнча окуу жайына 2000-жылы тапшырып, 2005-жылы аяктаган. Ошол эле жылы 1-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы №5 мектеп гимназиясында алгач иш жолун баштаган. 2007-жылдан баштап №33 Ж. Турусбеков атындагы орто мектебине орус тили жана орус адабияты мугалими болуп кабыл алынган. 2018-2020-жылдарга чейин балдар менен класстан жана мектептен тышкары иштөөнү уююштуруучусу болуп иштеген.
2021-2022-окуу жылынан баштап орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келе жатат.